Кара-Суу орто мектебинде ЮНИСЕФтин АРИС жүргүзүп жаткан долбоору кызуу жүрүүдө. АРИСтин өкүлдөрү мектеп окуучулары менен 19-мартта мектепте Бүткүл дүйнөлүк Суу күнүнө карата чакан иш-чара өткөрүштү.
Бул күнү окуучулар өзүлөрү даярдап келген ар кандай макеттерди көргөзмөгө коюшуп, Суу жөнүндө даярдалган ар кандай аңгеме, макала жана ырларды ырдап, Суу күнүн кызыктуу өткөрүштү.
Ошондой эле суунун тазалыкты сактоодогу ролун баса белгилешти.
Суу күнүнө карата иш чарага активдүү катышкан окуучулар ЮНИСЕФтин дипломдору менен сыйланышты.
Мына ушундай диплом менен 7-класстын окуучусу Акматов Искендер да сыйланды.
Мына ошентип Кара-Суу орто мектебинин окуучулары ЮНИСЕФтин долбооруна өз салымдарын кошуп, мектептеги санитардык-гигиеналык абалды жакшыртууга активдүү катышып жатышат.
Даярдаган: Эркайым Азаркулова