Барскоон айылында 8-мартка карата апалардын куттуктоо кечеси өткөрүүлүүдө. Адаттагыдай эле Барскоон айылында 8-март күнүнө карата иш чаранын ачылышы гимн менен коштолду. Кечени толугу менен КР ЖКнин депутаты Талант Узакбаев демөөрчү болду. Апаларга арналган, апалардын ыйыктыгын даңазалоо менен Барскоон орто мектебинин окуучулары майрамдык концерт тартуулап беришти.
Уюштурулган иш-чара боюнча Барскоон айылынын өкмөт башчысы Руслан Төлөнович кыскача токтолду:
«Энелерибизге, сиңдилерибизге, карындаштарыбызга жакшынакай маанай тартуулаганга айыл өкмөт тарабынан 20 миң сом каражат бөлүнгөн. ЖКнын депутаты Талант Узакбаев өзүнчө салымын кошту. Апаларыбыз ыраазычылыктарын билдирип жатышат», деди Руслан Төлөнөвич.
Бул иш чарага Талант Узакбаевдин атынан апалар үчүн алынган белектер Барскоон айылдык кеңешинин депутаты Асел Аманова тапшырды. Ал өз оюн мындайча билдирди:
«8-март дүйнөлүк аялдар майрамы болгондуктан кичине болсо дагы апаларды майрамы менен куттуктап көп жашоону, чын ден-соолукту тилеп жакшы ниет менен 40 жоолук апаларга, ал эми чоң килемди аялдар кеңешинин атынан тапшырдык».
А/Ө соц адиси Эркин Жапарова төмөндөгүдөй айтып берди:
«Колхоз совхоз учурунда айылыбыздын өнүгүүсүнө салымын кошкон, эмгектин ардагерлери апаларыбыз чакырылып, бүгүнкү чакан белектерибиз берилип, аз болсо да көңүлдөрүн көтөрдүк деп ойлойбуз. Апаларыбызга, эжелерибизге чын ден соолук жана ар дайым биздин арабызда жүрө беришин каалайм.»
8-март майрамына карата иш чарада белек алып кубанып турган апалардын бири Урумкан Мамбеталиева майрамдык кечеден кийинки маанайы менен тең бөлүштү:
«Баардык аялзатын 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм. Балдарына акыл-насааттарын үйрөткөн энелерге чоң ырахмат. Энелерди куттуктап жаткан айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине аябай чоң ырахматыбызды айтат элем. Мен 40 жыл бою медицина тармагында эмгектендим. Ошону баалап, унутпай сыйлап, куттуктап жатканына ыраазымын.»
«Жаздын көркү сени менен башталат,
Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат!»
«Барскоон FM» жамааттык мультимедиа борборунун атынан баардык айымдарды 8-март эл аралык айымдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Даярдагандар: Аман кызы Саадат, Кудайбергенова Айдай.