Жаздай сулуу күндөй жаркын аялзат,
Сиздер үчүн кандай мактоо жарашат!Назиктикти, аруулукту, сулуулукту даңазалаган жаз мезгили кандай гана жагымдуу. Жаз жыттанган 8- март аялдардын Эл аралык майрамын ар бир аялзат чыдамсыздык менен күтөт эмеспи. «Аял-эне, аял-жар, аял-жашоо» деген сөздөр бир гана сиздерге татыктуу урматтуу аялзаты! Сиздер сулуу гана эмес улуусуздар.
Жаз жыттанган, наз жыттанган перилер,
Жазды мына силер алып келдиңер.
Ай көрүнүп, бириңерден-бириңер,
Эргүү берет, жашоо берет демиңер.
Жаздай жаркын, күндөй жаркын аялзат,
Сиздер үчүн кандай мактоо жарашат.
Силер барда дүйнө сулуу, дүйнө кооз,
Демиңерден көңүл жаркып баратат,-деген саптар, улуу акындардын калеминен аялзатына багышталып, алтын сыя менен жазылган. Келе жаткан айымдардын 8-март майрамы менен куттуктап, аялзатынын урматына 8-март сулуулуктун майрамы деп аталган беруубуз 4-март күнү Радиомостун түз эфиринде жалпы Талас айымдарын куттуктоо иретинде майрамдык эфир болуп өттү. Студияны шаңга бөлөгөн коноктор да чакырылган алар: Кыргыз республикасынын Талас обласындагы ыйгарым укуктуу окулчулугунун кызматкери жана Ала-тоо айымдар экологиялык кыймылынын мүчөсү Дйшөналиева Нускабү Абжалбековна жана Жазуучулар союзунун мүчөсү,акын жазуучу, Ала-тоо айымдар экологиялык кыймылынын мүчөсү Бурул Баязова болду.
Даярдаган: Сабитова Чолпон