Акыркы учурда каржылык сабаттуулук деген түшүнүк эл арасында кенири тарап жатат.
Убакыттын өтүшү менен үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү каржылык сабатуу болушу талап кылынат. Себеби акчаны туура бөлүштүрүп туура пайдалануу бул ийгиликке жетүүнүн бир булагы болуп эсептелет.
Суусамыр айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектенген Самат Аргымбаев, үй бүлөдө бюджетти туура колдонуу, алдын ала пландоо бул үй бүлөнүн келечеги үчүн маанилуу деген ойдо: 
«Негизги биздин үй бүлөдө киреше булактар болуп өзүмдүн айлык маянам эсептелет.Андан тышкары дагы айыл жергесинде тургандыктан биз кошумча мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенебиз.Үй бүлөлүк бюджет дегенде эми ар бирибиздин үйдө ашыкча акча болушу керек.Үйгө керектүү азык түлүккө алдын ала акча бөлүп коебуз.Анан мал кармагандан кийин алардын дары- дармегине жумшайбыз.»
Ал эми Самат Аргымбаевдин жубайы Айзада Жээнбек кызы, үй чарбасы жана азык түлүк үчүн сөзсүз акчаны кенен бөлүш керек, бул үчүн мен салым кошуп, кенеш берип турам дейт:
«Үй бүлө очогунда аялдын жардамы, кеңеши сөзсүз керек.Эң негизгиси табылган акча каражаттарын туура бөлүштүрүүгө кеңешимди берип турам жана жолдошум тапкан акча каражатты ысырап кылбоого аракет кылабыз.»
Айыл тургуну Доктурбек үй бүлөөлүк бюджетти туура пландаштырууну кандай түшүнөсүз деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди:
«Эми ар кандай да кээ бир үй бүлөөлөр акчаны пландайт, кээ бири пландабайт.Менин оюмча үй бүлөлүк бюджетти бөлүштүрүп пландап турган эң туура деп ойлойм.»
Даярдаган: Анарбек Калдыков