Тасма айылы тоолуу өрөөнгө киргендиктен айланасынын баары тоолор курчаган. Башка жерден келгендерге да адыр тоолор көрктүү көрүнөт.
Тасма айылынын адыр тоолорунда байчечекей, жоогазын жана башка көптөгөн гүлдөр өсөт.
Тасма айылынын тургуну Индира Сагынованын айтымында, кирип келгенде эле айыл адыр тоо менен курчалып тургандай сезилет. Негизинде тоолор менен жээгиндеги суулары менен да кооз деп билдирет ал.

“Биздин айыл албетте адыр тоолору менен кооз жана андагы жашыл чөп-чаарлары менен да кооз. Тоого чыксаң көптөгөн жерлер көрүнөт жада калса көл да көрүнөт. Биз ушул кичине тообузду да барктай билүүбуз керек”, — деп билдирет айыл тургуну.

Ал эми мектеп окуучусу Эрназар Султанбеков өзүнүн Тасма айылы менен сыймыктанарын жана ошондой эле ал дагы Тасма айылынын көркүн адыр тоолор ачаарын айтат.

“Биздин айыл чындыгында кооз. Мисалы тоо жана андагы ар түрдүү чөптөрү ошол жерде оттоп жүргөн малдар менен кооз көрүнөт. Негизи биз өзүбүздүн айылыбыз Тасма менен сыймыктана алабыз”, — деп билдирди Султанбеков.
Ошондой эле мектеп окуучусу Элнура Марс кызынын айтымында, Тасма негизи көп неселерге бай келет. Тасма деп аталып калуусунун себеби да бар деп билдирет.
“Биздин айылыбыздын аты Тасма. Тасма деп аталып калуусу бул биз адыр тоолу жерде жашагандыктан тоонун атынан коюлган жана Тасманын эки четинен тасмага окшоп суу агып турат ошолордон улам «Тасма» деп аталып калган. Азыр болсо ошол тоосу жана суусу менен кооз болуп келет”, — деп баяндайт Марс кызы.


“Биз күндө көрүп жатып ушул Тасманын көркү болгон адыр тоону деле билбей калабыз. Тоого күнүгө музоо аркандап, уйларды тосуп, күндө чыгып-түшүп атып билбейбиз да. Мына сырттан келгендер үчүн биздин тоо ажайып көрүнөт”, — деп баяндайт айылдын дагы бир тургуну Гүлзат Калиева.
Даярдаган: Айдана Саякова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн