Лейлек районунун Андарак айылында стоматалогия ийгиликтүү иштөөдө.Буга чейин Андарак айылында стаматалогия болсо да ал жер кичине тар болгонуна байланыштуу адамдар көп кайрылчу эмес.
Андарак айылындагы жаңы стоматологияны Пусурманкул Орозбаев эки баласы менен ачкан. Мурда элет эли Лейлек районунун борборуна барып тиштерин дарылатып келсе, эми өз айылында эле тиштерин дарылоого мүмкүнчүлүк туулду.
Бул стоматология тууралуу Абдиманнан Орозбаев мындай деди.
“Стомалтология — бул ооз көндөйүн түшүндүрөт. Буга тиш, ооз көндөйүндөгү баардык былжыр чел баары ушуга кирип кетет. Бул жерде ооз көңдөйүндөгү тиштин кызматы бул тамак эзүүдөгү эң алгачкы тамакты ашказанга биринчи, мындайча айтканда, майдалап берүүчү орган болуп эсептелет. […] Булар баары тамакты биринчи даярдаганга майдалап, бүт баардыгы тамакты жеңил жутушу үчүн баардыгы өзүнүн салымын кошот. Азыр бизде медицинада айлык акы аздыгынан окуулардын убагында контрактный болуп кетип кымбаттаганы үчүн кадр убагында окубай калып чет жакадагы айыл-кыштактарга ушул көптөгөн медициналык кызматтарга кошулуп, стаматология өнүкпөй жатат. Акыркы учурларда кадрлар жетишпей жатат. Ошондой айылдардын бири биздин айылга дагы стаматология кызматы эң бир заманбап технологиялар менен жабдылды. Мурда тиштерин дарылатуу үчүн жетишпеген кызматтар үчүн Исфана шаарына барып, рентгенге түшсө, азыр айылдагы эле стаматологияга кайрылууда. Негизи адам баласынын тиши табияка карап бекем болот. Азыркы жаштардын тиши өтө назик болот, себеби айланасындагы нерселерге карап адамдын тиши бекемделет. Жаштар азыр тиштерин убагында бизге көсөтөт. Кары адамдар көп деле көрсөтө бербейт. Баарыбир кары адамдардын тиши бекем болот. Жаштардын тиши цивилизацияга карап өсөт”, — деген пикирин айтты стоматологиянын негиздөөчүсү Орозбаев.
Стаматология ачылганы айылдыктар үчүн кубаныч тартуулады. Тиш дарыгерине өз ыраазычылыгын билдирген Мухаммедали Жанибеков кубанычын мындайча бөлүштү.
“Стаматология ачылганы Андарак айылынын тургундары үчүн аябай ыңгайлуу болду. Себеби менин балдарымдын тиштери ооруп, Исфана шаарына алып барганча ыйлап барат. Азыр тиш оорууканага беш мунөттүк жол болуп калды”, — деди ал.
Даярдаган: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн