Түп районуна караштуу Тасма айылына Миң-Булак айылынан тактай тилгич келди. Бул тактай тилгич келүүсү менен тургундардын дагы бир көйгөйү чечилгендей болду.
Мурда айыл тургундары тилгич жоктугуна байланыштуу Түпкө же Талды-Суу айылдарына барып тилдиришчү.
Тасма айылынын тургуну Эркинбек Дүйшөбаевдин айтуусунда, көп жана чоң көлөмдөгү тактайларды коңшу айылдарга алып барып тилдирсе кыйналмак.
«Азыр ушул бактарды тилдирип жатабыз. Азыр бул тилгичти бул жерге келгени жакшы болду, же болбосо ушунча теректерди машине менен алыпарыш эмне деген оор болмок», — деп билдирет айыл тургуну Дүйшөбаев.
Ал эми Миң-Булак айылынын тургуну «адамдардын үйлөрүнө келип, тилип берүүбүз жакшы болуп жатат» деп төмөндөгүлөргө токтолот.
«Биздин азыр ушинтип үйлөрүнө келип тилип берүүбүз жакшы болууда. Себеби, мурдагыдай элдерди Түпкө же Талды-Сууга деп олтурбастан үйлөрүнө чакыртканда келебиз. Баасы 800 сомдон болууда. Биз облус боюнча кыдырып жүрөбүз», — дейт тактай тилгичтердин бири.
Даярдаган: Айдана Саякова, Жылдыз Темиркул кызы
Сынак үчүн
НС