Азыр дээрлик бардык аймактарда өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Бирок ал мыйзамга канчасы баш ийүүдө, белгисиз.

Бул тууралуу мектеп окуучусу Адил Кубанычбек уулу кээ бир учурларда чоң кишилер жөнөткөндө барууга туура келип калат деп төмөндөгүлөрдү баяндайт.
«Эми ар кандай учурлар болот. Мисалы чоң кишилер жөнөтүп калса барууга аргасызсың. Ошол учурдарда кээ дүкөнчүлөр сурайт. Кээси сурабай эле бере берет», — деп айтты Адил.

Ал эми соодагер Кубан Жанеков көбүнчө жашы жете элек балдарга спирт ичимдиктерин бербестигин айтат.
«Мен көбүнчөсүнө бербейм себеби, жашы жете элек кичине. Ал эми кээ бирлеринин ата-энелери ишеничтүү болсо, берүүгө туура келип калат», — деп баяндайт дүкөнчү Жанеков.

Ошондой эле айыл тургуну Нурлан Шайдаркунов кичине балдарын спирт ичимдиктерин алып келүүгө жибербестигин айтат.
«Менин балдарымды жибербейм. Себеби кичине балдарды жиберүүгө болбойт. Эгер керек болуп калса өзүм барам», — деп билдирет ал.
Даярдаган: Айдана Саякова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн