Албетте баардык эле жарандар өз пайдасына эмес жергиликтүү элдердин зарылдыктарын эске алуу менен өз жерине бизнес кылып атат. Мындай жарандар чанда гана кездешет.
Азыркы учурдун талабына ылайык элдин муктаждыгына жараша пескоблок чыгарып, өз айылына кана эмес коӊшу айылдарды да камсыздап келе жаткан Барскоон айылынын жеке ишкери Илимзат Кудайбергенов, төрт жылдан бери чакан ишканасын ачып иштетип келе жатат. Ал биринчиден өз пайдасына жумшоо үчүн алынган станокту кийинчерек чакан бизнес ачуу үчүн колдонуп, аз да болсо айыл тургундарын жумуш менен камсыз кылып, келечекте мындан да чоӊ ишкана ача тургандыгы тууралуу өз маегинде төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Бизнести баштарда бизнес кылабыз деп деле мындай тереӊ ойлонгон эмеспиз. Бирок өзүбүздүн жеке турмушубузду жакшылап, келечекте жакшы куруп алыш үчүн, өзүмдүн айдап жүргөн машинамды сатып, ал акчага пескоблок чыгаруучу станокту алып келгем. Ошолорду куруунун арты менен андан ары бизнес кылууга туура келди. Бир жылдык түшкөн кирешебиз 500000 сомго чейин барат. Азыркы тапта кол астыбызда төрт кызматкер иштейт. Айлык маянасы орто эсеп менен 15-20000 сомдон алышат. Мындан аркы келечекте дагы бизнести мындан ары кеӊейтсек деген ой планыбыз бар. Азыркы тапта менде эки станок иштеп турат. Муну менен эле чектелбестен бөлөк станокторду алып ишканабызды кеӊейтсек деген ниеттерибиз бар”.
Ошондой эле айыл жеринде жаш ишкерлердин жасаган иштери өлкөнүн экономикасына маанилүү экендигин жана алардын жаш экендигине карабастан өздөрүнө да акча таап жаткандыгы тууралалуу айыл тургуну Арсар Бектурова мындайча билдирди:
![IMG_20160624_184106_26[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/06/IMG_20160624_184106_261-225x300.jpg)
“Жаш ишкерлердин деӊгээли өлкөнүн экономикасына маанилүү роль ойной баштады. Алар жаш болгондугуна карабай кыйынчылыктарда белин бекем бууп чакан ишканаларды ачып продукция өндүрүүнү үйрөнө башташты. Алардын алдына койгон максаттары бар. Жаш экендигине карабай элге кызмат кылып, өздөрүнө да акча таап жатышат. Эми ошол биздин айыл жеринде чакан ишканаларды айылга керектүү ачып, продукция өндүрүп анча мынча 2-3 киши болсо дагы ошолорго иш менен камсыз кылгандыгы бул аябай жакшы. Жаш ишкерлерди колдоп өкмөтүбүз жеӊилдетилген насыяларды берип турса. Булар андан ары дагы өрчүтүп кетсе дагы канчалашан кишилер иш менен камсыз болот эле. Мен ишкерлерди колдойм”.
Мындай чакан бизнестер көбөйсө, алибетте жергиликтүү айыл тургундары үчүн жумуш оорду камсыз болууда. Бул туралуу төрт жылдан бери талыкпай пескоблок чыгаруу менен алектенип келе жаткан Талгат Жумаеев алган маянасы күнүмдүк тиричилик кылууга кенен жетерин билдирди. Мындан тышкары жаш жетекчи баардыгына калыс экендиги туралуу төмөндөгүлөргө токтоло кетти:

“Чакан ишканада иштейм пескоблок чыгарган. Иштегениме 4 жыл болуп калды. Айлык акыбыз 15-20000ге чейин жетет. Үй-бүлө бакканга жетиштүү. Жумушубуз өтө деле оор эмес, эми болот кээде кыйынчылыктар. Жумуш өзүбүзгө жагат. Хозяинибизге болгон көз карашыбыз жакшы. Хозяиндин бизге болгон көз карашы жакшы. Эми конфликтер болот ортодо ар кандай. Эми баардык эле ишканаларда болот да мындайлар. Кээде уруш талаш деле болуп кетет. Кайра табышабыз. Мамилеси жакшы”.
Жогоруда айтылгандай жергиликтүү тургундар үчүн жаш ишкерлердин алып барган иштерине жана чакан ишканалар дагы көбүрөөк ачылса жакшы болору тургандыгына күбөө болдуӊуздар. Сюжетти даярдаган жана алып барган Гүлкайыр Осмоналиева. Саламатта туруӊуздар.