Буга чейин беш-алты жыл бою айыл имамы болуп келген 37 жаштагы Тыныбек Зундунов көз оорусуна чалдыгып калды. Ал бейтапканаларга барып жылына текшерилип жүрүп, бирок, бул оорусу уламдан-улам күчөп, азыркы абалы жакшы эмес.
Айыл тургуну Тыныбек Зундунов диагноз коюлгандыгын, бирок, ал ооруну дарылай турган аппарат Кыргызстанда жок экендигин төмөнгүчө баяндады.
“Мен мурдатан бери эле бейтапканаларга барып көрүнүп, текшеринип, жүрчүм. Уламдан-улам көзүм начарлап келе жатат. Бир жолу Кыргызстанда Ысыл-Көл облустунда операция болдум. Ал жердеги врачтар колунан келишинче аракет кылышты бирок, эч кандай жакшы натыйжа чыкпай жатат. Менин көзүмдүн оорусун дарылай турган аппарат Кыргызстанда жок болгондуктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги кат жазгандан кийин, мага жакында Орусиядан кат келди. 2016-жылы 10-майдан кийин келе бер дешти, бирок, акчанын суммасы көп болгондуктан ал жака дарыланганы азыр бара албай жатам”, — дейт Зундунов.
Даярдаган: Адилия Мундукова