Нарын районунун Учкун айылына райондук ооруканадан дарыгер келип, жыйналыш өттү. Учурда өзүн-өзү кыюу облустарда көп катталып жаткандыктан, аны аз да болсо окуучуларга түшүндүрүп, токтотуу максаты менен келген. Булар Нарындагы бардык айылдарга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.
Бул туурасында район ооруканасынан келген Динара Эскиевадан кыскача маек курдук.
«Мен бул жакка өз ыктыярым менен келдим, мени бул жакка атайын эч ким жиберген жок. Жыйналыштын эң негизги максаты — бул окуучулардын өз өмүрүн кыюуусун азайтуу. Менин оюмча окуучуларыңар сезденип калышты, аз да болсо өз өмүрүн кыюу эмне экенин билип калышты окшойт», — дейт ал.

Кайрат Ишен уулу «мурун биздин айылда өз өмүрүн кыйгандар көп болуп келген, бул эженин сөзүнөн көптөгөн окуучулар таасирленип, мен да көп нерсени билип алдым» дейт.

Айдана Төлөгөн кызы «ата-энебиз ичкилик ичип жатышат, биз аларга өзүбүздүн кеңештерибизди берсек да болот экен» деген оюн айтты.

Жыйналышта ичкилик, зордук-зомбулук, өзүн кыюу туурасында көптөгөн маалыматтар айтылды.
Даярдаган: Нурай Алмаз кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн