М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 350 окуучу билим алат. Аларга 9 класс кабинети туура келет. Класстык бөлмө жетишпегендиктен окууучулар үч убакка бөлүнүп окуп жатышат.

Класстан тышкаркы иштерге, олимпиадага, конкурстарга даярдануу үчүн класстык бөлмө жетишпей мугалимдер үйлөрүнө алып барып, даярданууга дуушар болууда.

Бул тууралуу кыргыз тили мугалими Калмира Исмаилова буларга токтолду:
“Мурда директорубуз завуч кезинде, кабинетине даярданчубуз. Бирок ал кабинет деле тар. Окуучулардын дем алуусуна оор болуп, мээси чарчайт. Айла жок үйгө алып барып атам, үйдө бала уйкусу келет экен, тамак жыттанса ичкиси келип, сабакка көнүл бура албай калат. Үйдө бала-чака, кайната бар, ал кары адам, болбой эле күчкө салып даярданып жатабыз.”

Мектептин тардыгы окуучуларды дагы капалантат. 9-класстын окуучусу Акай Кубатбек уулу мугалимдердин үйүнө барып даярданууда бир аз уялабыз дейт:
“Мектепте класстар жок болгондуктан, мугалимдердин үйүнө барууга туура келип жатат, башка бирөөнүн үйүнө барганда уялабыз. Кружокторго катышкыбыз келет, менин карындашым орус тили сабагынан кружокко чайканада даярданып жатышат. ”

Мектеп директору Айзада Байсалованын айтымында окуу тарбия иштерин жүргүзүү үчүн шарт жок жана мектептин абалы канаттандырарлык эмес:

“Ашканабыз дагы тар, түштөн кийин даярданууга шарт жок, оор абалда турабыз. Бирок мугалимдерибиз ага карабастан, болгон күчүн жумшап, область, райондордон алдынкы орундарды ээлеп келебиз. Спорт, жаш таланттар, олимпиадаларда башка мектептерге караганда алдыдабыз. Эгер окуучуларга кенен мектеп болсо, мындан да жакшы ийгиликтерге жетишмек.”

Мектепте класс кабинеттер гана жетишсиз эмес, спорт зал дагы жок. Кыш мезгилинде спорт зал жоктугуна байланыштуу программаны өзгөртүүгө аргасыз болобуз дейт, дене-тарбия мугалими Тынчтык Жумакадыров:

“Жалпы базалык план менен дене тарбия сабагын өтө албай калабыз, анткени спортзал жок. Кышында балдарды эшикке чыгарып ойноткондо, алар тердешет жана суук тиет, анан айла жок класска киребиз. Кышында шахмат, тогуз коргоол, учту-учту, беш таш, короз тебишмей сыяктуу оюндарды ойнотобуз, бирок негизги спартакиадалар волейбол, баскетбол, футбол сыяктуу оюндар менен өтөт. Ошого карабастан райондордо волейбол боюнча алдынкы орундарды алып келебиз. ”

Ал эми кружоктор чайканада өтүп, мугалимдердин сабагына тоскоол болобуз дейт 11- класстын окуучусу Бурулча Медерова:
“Мектеп тар болгон үчүн ызы-чуу болуп, мугалимдердин сабагына тоскоол болобуз.”

Мектеп администрациясы тарабынан чоң мектеп курууга тиешелүү документтер топтолуп,тиешелүү жерлерге өткөрүлгөн. Бирок бул долбоор азыркы убакка чейин колдоого ээ болбой келет. Мектеп окуучулары класстык бөлмөлөр жетиштүү, кенен мектепте билим алууну чыдамсыздык менен күтүүдө.
Даярдаган: Индира Алмазбек кызы