Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде тазалоо иштери жүрүүдө. Бул иш-чараларга 5-11-класстын окуучулары катышты.
Тарбия иштери боюнча мектеп директорунун орун басары Камбарали кызы Гулназдын айтуусунда, тазалоо иштери күз келип, бак-дарактардагы жалбырактар түшүп, айлананын тазалыгы начарлап кеткендиктен өткөрүлүүдө.
Дагы кар жаагыча ушундай иш-чаралар уюштурулуп турмакчы. «Ал эми кар жаагандан кийин класстардын ичинде ишембилик болуп турат», — деди ал.
Бул жалбырактар негезинен орттолот. Ал эми таштандылар болсо таштанды салуучу атайын жайга алып барылат.
Автору: Руслан Турсунбай уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн
Телефондон жазылды