«Мектепти бүткѳндѳн кийин кайсыл кесипти тандайсыӊ?» деген суроону Терек-Суу айылындагы 11-класста окуп жаткан окуучуларга узатып, алардын келечектеги кесиби тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.
Мырзагүл Райымбердиева финансы жагына тапшыраарын айтат.
— Биз быйыл бүтүрүүчү класспыз. Жалпы мектепте 48 окуучу бүтүргѳнү жатабыз. Ар бири ар кайсыл кесипти тандап жатышат, мен болсо финансы жагына тапшырып ишкер болоюн дегем. Мага деген кѳптѳгѳн кесиптерди сунушташты, ѳзүм дагы кѳп ойлонуп акыры ушул кесипти тандадым. Келечеке койгон максаттарым, кудай буйруса кѳп, анын бири — баардык эле жаштардай ѳлкѳбүздү ѳнүктүүгѳ салым кошуу. Эӊ негизгиси ѳзүм тандаган кесипти алып кетүү.
Гүлназ Акылбекова программист болууну кыялданат.

— Мен программистке тапшырайын деген ойлорум бар. Бул кесипти тандап алышымдын себеби бул кесип мага жакын жана жагат, бала кезимден кыялданган кесибим. Өзүм тандаган кесипти ийгиликтүү аяктап, ѳз ѳлкѳмѳ салымымды кошкум келет.
Орус тил мугалими болууну самаган Лилия Айтымбетова тѳмѳндѳгүлѳрдү айтты.

— Мен буйруса мектепти бүтүп кеткенден кийин орус тил боюнча мугалим болгум келет жана ушул жаатка тапшырам. Балачагымдан эле кыялданып келгем, ошон үчүн ушул кесипти тандадым. Келечекте мен университетте орус тил сабагынан сабак бергим келет.
Эрлан кызы Фарида врач болом дейт.

— Мектепти бүткѳндѳн кийин мен медицина жагына тапшырайын дегем. Бул кесипти тандашымдын себеби кичине кезимден бери тилеп келгем, ошондуктан ушул кесипти тандап алдым. Келечекте адамдарды дарылап, жардам бергим келет. Өз кесибим менен иштегим келет.
Акманат Медетбекова медицина жаатына тапшырып жатканыма апам стимул болду дейт.

— Кудай буйруса ЖРТнын баллы жакшы болсо, медицина жаатына тапшырайын деген оюм бар. Бул кесипти тандоомдун себеби бул биринчиден апам мага стимул болду десем жаӊылышпайт болушум керек. Апам ѳзү медик, мен дагы анын жолун жолдогум келет. Азыр биринчи максатым жакшы окуу жана ЖРТдан жакшы балл алуу.
Тарых мугалими болом дейт Өмүркан Керимов.

— Мектепти аяктагандан кийин кудай буйруса мугалимдике тапшырам тарых сабагынан. Үйдүн кичүүсү болгондуктан айылда калып ата-энемди карайм, ошондуктан ушул кесипти тандап алдым. Келечекте кыргыз жери үчүн чоӊ иш жасагым келет.
ИИМ жаатына таптырууну кыялданган Кудурет Шаршенбек уулу буларды айтты.

— МВД жаатына тапшырайын деп жатам. Бул кесип мага жакын болгондуктан ушул кесипти тандап жатам. Кыргыз жеринин тынчылыгын сактап мамлекетибизге ѳз салымымды кошкум келет.
Маектешкен: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн