Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде балдардын зоордук зомбулугун алдын алуу боюнча 7-9-класстын оокуучуларына мектептин соцпедагогу Канат Асанакунов тарбиялык саат өттү. Анда балдардын укугун коргоо, өзүн алып жүрүүсү боюнча талкулар болду.
Ашырбай Коёнкөзов мектебинин соцпедагогу Канат Асанакунов тарбиялык саат атайын айлыктын негизинде өтүлгөнүн айтат.
“Мен бүгүн “Балдардын укуктарын коргоо” темасы боюнча тарбия саат өттүм. Себеби “Балдардын укугун коргоо” айлыгы ноябрь айынан баштап белгиленди. Бул тарбиялык саатта ар бир окуучу кимдин колунда тарбияланып жатат жана кимдин ата-энеси чет жакка кеткендиги тууралуу такталды”, — деп билдирди Асанакунов.

Тарбиялык саатка катышкан 7-классынын окуучусу Айгерим Жеңишова сабакта “балдардын зордук-зомбулугун алдын алуу боюнча кеңири талкуланды, мен өзүмдүн уктарымды билдим” деди.

Ал эми 9-классынын окуучусу Гүлдана Нурланова “бул тарбиялык саатта көптөгөн маселер каралып, ар бир окуучунун өз оюн айтууга мүмкүнчүлүгү болду. Мен өзүмдүн укуктарым боюнча дагы кененирээк билдим” деп айтып өттү.
Даярдаган: Адилия Мундукова
Редактору: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн