Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар өттү. Шайлоо өнөктүгү, фейк маалыматтар жана аларды аныктоо, сынчыл ой-жүгүртүүгө арналган иш-чарага айыл тургундары катышты.
Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар өттү.
Иш-чара Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин өкүлү Барскоон жамааттык мультимедиа борбору тарабынан ишке ашырылды.
Нуржамал Эралиева жакында гана эмоционалдык терс таасир берген телефон чалуу тууралуу бизге ой бөлүштү.
Нуржамал Эралиева
Нуржамал Эралиева: “Кайын эжем бар. Анын баласы Орусияда иштеп жүргөн. Ага, балаңыздын башын камаз тебелеп кетиптир деп бирөөлөр телефон чалат. Үйдөгүлөрдүн бары шок болуп, мени чакыра калышат. Телефон чалып жаткан адам менен сүйлөшүп калдым. Эмне болгонун сурап баштасам эле, азыр тезинен ушул номурга миң бирдик сала калгыла деди. Үйдөгүлөрдүн абалын сурабай эле койгула. Баары шок болуп, балам эле балам деп өкүрүп, ыйлап жатышат. Анан, мен дүкөндү көздөй чуркап бирдик салганы жөнөдүм. Бир маалда артымдан кайын эжем чуркап келе жатат. Эмне болду десем, салба эле салба деп калды. Көрсө, кичүү кызы байкесине чала калса, байкеси жакшынакай эле жумушунда жүрүптүр. Ошондон кийин, ушундай окуяларга ишенбей калдык”.
Иш-чаранын катышуучулары WhatsAppга келген билдирүүлөр тууралуу ой бөлүштү. “Бүгүн түндөн калтырбай 10 адамга бөлүш. Бөлүшпөсөң, сенин жашооңдо катастрофа болот деген билдирүүнү окуп алып, коркуп алган учурлар болгон”, — дейт алар.
Айыл тургуну Атыркүл Токтоналиева интернеттеги билдирүүлөргө ишенип акчасын салгандар көп дейт.
Атыркүл Токтоналиева
Атыркүл Токтоналиева: “Мен социалдык тармактардан WhatsApp көп колдоном. Белек же акча утуп ал деген билдирүүлөр келип калат. Бирок, мен ишенбейм. Акчасын салып коюп же акчасын же белегин ала албай жүргөн тааныштарымды билем. Мисалы, жакында гана беткаптын ичинен курт чыкты деген маалымат тарады. Бул абдан ойлондуруучу нерсе. Ишенбейин дейсиң, өзүбүздү, жакындарыбызды ойлогондо ишенип да кетесиң… Эми ушул беткаптын ичинен курт чыкты дегенге ишенип алсак, анан оору күчөп кетсечи… Азыр жаңылык, маалымат окуганда аны бөлүшүүдөн мурда ойлонушубуз керек”.
Барскоон айлынын тургуну Бактыбек Асанов фейк маалымат адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизээрин айтып, адам өз эмгеги менен гана ийгиликке жете алаарын кошумчалады.
Бактыбек Асанов
Бактыбек Асанов: “Жалган маалыматка туш болгон учурлар көп болуп жатат. Бир окуя болгон. Телефон чалып, белек утуп алдыңыз деди. Аны алуу үчүн 1000 бирдик салып коюңуз дешкен. Мен өзүм милицияда иштегендиктен, сен кимсиң деп тактап баштасам эле телефонду коюп салышкан. Мындай окуялар адамдын психологиясы, характерине жараша болот окшойт. Ыйлап жүргөн жарандар бар. Керек болсо, жанагы “Пирамида” деген биринин артынан бирин жаздырган нерсеге деле ишенип жүрүшөт”.
Барскоон айылынын тургуну Руслан Эшмамбетов 11-апрелде өткөн шайлоодо жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал иш тажрыйбамда көп эле жалган маалматтарга туш болгом дейт.
Руслан Эшмамбетов
Руслан Эшмамбетов: “Көп эле фейк маалыматтарга туш болгом. Шайлоого чейин жалган маалыматтар менен бизди каралоого аракет кылган адамдар көп болду. Маалыматтын, чын же жалганын билбей ишенген адамдар болду. Фейк болгондо, аны жараткан топтун өзүнүн максаты болот экен. Жашообузда деле, кайсы бир өлкөнү барып көрбөй эле алар жөнүндө жалган маалыматтарды тарата беребиз. Айтсак, товарлар, азык-түлүк жөнүндө жалган маалыматтар арбын. Эми мамлекеттин стандарттары бар. Ошол стандарттардын негизинде текшерилип келип жататда”.
Руслан Эшмамбетов бир маалыматты угуп жатканда, экинчи тарабы кандай болду экен деп ойлонуу керектигин баса белгилейт. Ал ар бир нерсенин эки тарабы бар экендигин, аны аныктоодо сын көз-карашта ой-жүгүртүү зарыл дейт.
Сумбула: Айылдын көйгөйүн жергиликтүү кеңеш чече алабы?
Касиет Кубанычбек кызы