Суусамыр өрөөнүндө медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк жана аны аныктоо, шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтар, сынчыл ой-жүгүртүү боюнча маалымат ала алышты.

Суусамыр өрөөнүндө медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болду
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Суусамыр ФМ жамааттык радиосу ишке ашырды. Катышуучуларга “жергиликтүү кеңештин депутаттарынан кандай өзгөрүүнү күтөсүз?”- деген сурамжылоо менен кайрылып, төмөндөгүдөй ой-пикирлерге күбө болдук.
Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Зооданбек Асаналиев бул шайлоо жаштардын жана айымдардын талапкер болуусу менен өзгөчөлөндү дейт. Ал алдыңкы жылдары айылдын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы кыйла жакшырат деген ишенимде.

Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Додонбек Асаналиев
Зооданбек Асаналиев: “Жаңы шайланып келген чакырылыштын депутаттарынан көп өзгөрүүнү күтүп жатам. Айым депутаттардын көбү медицина жана билим берүү тармагынан келди. Мен ойлойм ушул тармактарда жакшы өзгөрүү болот. Кеңештин курамы билимдүү болсо башкысы. Жергиликтүү мааниде медицина тармагы жакшырса деген тилегим бар. Ошондой эле, мектептерде билим берүүнүн сапаты жакшырышы керек”.
Айыл тургуну Света Жүйүкбаева айымдардын жергиликтүү кеңештин курамында болуусу айылдык аялдардын көйгөйүн чечүүгө шарт түзөт дейт.

Суусамыр айылынын тургуну Света Жүйүкбаева
Света Жүйүкбаева: “Азыркы жергиликтүү кеңештин депутаттардын шайлоосу мурункуга салыштырмалуу абдан өзгөчө болду. Мурда эркек талапкерлер басымдуу болчу эле. Бул шайлоодо аялдар кошулбадыбы. Айым депутаттар айылдык аялдардын көйгөйүн чечип, алардын үнүн парламентке жеткирип турушсун. Көпчүлүк кыз-келиндер, энелер эркек депутаттарга өз көйгөйүн айта албайт. Ошол себептен, жергиликтүү кеңеште аялдардын арыз-муңун, муктаждыгын билген жана аны чечүүгө умтулган аял депутаттардын болгону жакшы болду”.
Айымдар болгон жерде адилеттүүлүк болот деген Асель Жусупбек кызы айылды өнүгүү нугуна салган чечимдер кабыл алынса деген оюн билдирди.
Асель Жусупбек кызы: “Жакшы ниет менен талапкерлерибизди шайлап алдык. Эми алар эң биринчиден Суусамыр элинин үнүн угуп, талаптарын аткарууга аракет кылышы керек. Депутат болгондор өз кызыкчылыгын ойлобой, элдин үмүтүн ишке ашырат деген ойдомун. Талапкерлер тез эле өзгөртүү, өнүгүү кылабыз деген убадаларды берип, программаларын жазышты. Эми ал убадалар тез эле ишке ашпайт, бара-бара орундалат деген ойдомун. Бирок, ошого алгач элдин үнүн угуп, анан иш баштаса…Айым бир колу менен бешик терметип, бир колу менен аалам терметет дейт. Биздин ар бир депутатыбызды эне төрөп, эне чоңойткон. Айымдар болгон жерде адилеттүүлүк менен көп нерсе чечилет. Буюрса, туура чечимдер кабыл алынса, айыл өнүгөт”.
Раиса Байгазиева айылда бала бакча ачылып, аялдардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлсө дейт.

Суусамыр айылынын тургуну Раиса Байгазиева
Раиса Байгазиева: “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынан көп жакшы иштер аткарылат деп күтөм. Шайлоо ачык жана таз өтүп жатат. Эл түшүнүп калды. Бул шайлоого жаштар көп катышты жана жакшы добуш алышты. Айылда бала бакча ачылса, аялдардын көйгөйү чечилсе… Мисалы, бир мисал менен айтканда, балдарын кайда таштаарын билбей иштебей отурган аялдар бар. Бала бакча ачылса, баланын өнүгүүсүнө дагы, аялдардын ишине дагы жакшы болот эле”.
Тилек Чейнекеева 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгы менен Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды. Ал айылды өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүк бар экенин баса белгилейт.
Тилек Чейнекеева: “Азыркы кеңешке жаштар көп келди. Ааламга жол айылдан башталат дегендей, жаш депутаттардан көп нерсени үмүттөнүп жатам. Алардын арасында өзүм дагы бармын. Буюрса, айылды өнүктүрүүгө, жашылдандырууга, ар түрдүү долбоорлор менен айылга жакшы нерселерди алып келүүгө максат кылып жатам. Шаар жерине караганда айыл жеринде өнүгүүгө мүмкүнчүлүк көп. Ошондуктан, ар бир адамдын сунушун туура жана так аткарып кетебиз деп ишенип жатам”.
Сумбула: Айылдын көйгөйүн жергиликтүү кеңеш чече алабы?
Касиет Кубанычбек кызы