Токтоян айылынын тургуну Жумакан Канкелдиева шырдакка кооз жана татаал оюуларды түшүрүп, үй көркүн ачкан шырдактарды жасайт. Жумакан эненин эмгегин жалпы айыл билет. Азыр деле анын кардарлары көп.
Деги эле кыргыз эли байыртадан кийиз бетине кооз оюуларды түшүрүп келишкен. Боз үйлөрдүн көркү ушул оюулардын арты менен ачылып турган.
Азыр заман башка болсо да шырдак жасоонун көптөгөн сырын билип, аны дагы өркүндөтүп келе жаткандар да жок эмес. Алардын катарында Токтоян айылынын жашоочусу Жумакан эне да бар.
Саламатсызбы сиз эмне себептен шырдак жасап калдыңыз?
— Саламатчылык, менин шырдак жасап калганымдын себеби чоң энем да бул иш менен алектенчү. Кичинекей кезимен эле шырдак жасоого кызыкчумун, менин кызыгуумду билген энем шырдак жасоонун баардык сырларын ачып берип үйрөттү.
Сиз түшүргөн оюуларыңыз бир нерсени түшүндүрөбү же жөн гана оюуларбы?
— Мен негизи оюуларды кандайдыр бир окуяны чагылдырып түшүрөм. Жакшы оюуларды түшүрүү үчүн китептерди көп окууга аракет кылам.
Сиздин окуучуларыңыз барбы?
— Учурда жаштар башка нерселерге умтулгандыктанбы, айтор кызыккандар деле жок, эгер үйрөнгүлөрү келсе ар дайым алар үчүн эшигим ачык.
Шырдак жасоодон башка иштер менен да алектенесизби?
— Ооба мурда сайма сайчумун, азыр карылыктын айынан сайма саюуга көзүм жетпейт.
Бир шырдакты даярдоого канча убакыт керек болот?
— Так убактысын айта албайм, анткени ар бир кишинин талаптары ар кандай болот. Бирине жөнөкөй оюулар жагат, а бирине татаал оюулар жагат, татаалга көп убакыт кетет.

Алдыда дагы кандай максаттарыңыз бар?
— Азыр менин бир гана тилегим бар — менин ишимди бирөө улантып кетишин каалайм.
Маегиңизге чоң рахмат!
Маектешкендер: Рустемова Бермет, Мукашева Нурпери.
Редактор: Нуриса Максат кызы
Cынак үчүн