Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебиндеги Ак-тилек балдар уюмуна кирген окуучулар үчүн алтынчы күндөрү лагерче ачылды. Лагердин эң башкы артыкчылыгы — бекер болгондугу.
Кенже класстардын сабакка болгон умтулуусун жогорулаттуу үчүн кошумча сабак катары лагерче ачылган. Сабактарды кызыктуу өткөрүү үчүн оюндар жана сүрөт тартуулар менен коштолот.
Ашырбай Коёнкөзов мектебининин директору Калык Албанов буларга токтолду.
“Балдар биздин келечегибиз, алардын жакшы билим алуусу үчүн биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Бала бакча жок болсо да жок деп отура берүү болбойт. Анткени балдар биздин келечек биздин бакыт болуп саналат”, — деп билдирди Албанов.

4-б классынын окуучусу Ширин Төлөмүшова “лагерге баруу мага абдан жагат. Ал жактан түрдүү оюндарды ойногонубуз жана ыр жаттаганыбыз жагат” дейт.
Даярдаган: Жаныбекова Айгерим, Төлөмүшова Эдиана.
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн