Күз мезгили келгенден тарта Тасма айылында чычкан көбөйүүдө. Чычканга каршы айыл тургундары каршы аракеттерди жасап жатканын айтышат.
Айыл тургуну Акылбек Турсуналиевдин билдирүүсүндө, быйыл үйдө чычкан жылдагыга салыштырмалуу көп.

«Быйыл күз келери менен үйдө чычкан көп. Чычкан тамак аштарга чейин кирип кетип жатат. Аларга капкан, уу койуп жатабыз», — дейт ал.
Ал эми Назира Айдарбекова чычкандын көп болуусу кыштын катуу болушунан кабар берет деген ырымды эске салды.

«Быйыл чычкан өтө эле арбын. Аларды жоготконго азыр атайын китепчелер чыкты, ошолорду коюп атабыз», — деди Айдарбекова.
Даярдаган: Гүлбайра Кубаныч кызы, Асел Мамытова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн