Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде көпкө күттүргөн күзгү бал 9-10-11-класстар арасында болуп өттү. Балдын кандай өткөндүгүн бул макалада баяндоого аракет кылабыз.
Уюштуруу тобунун мүчөсү, 11-класстын окуучусу Жылдыз Таалайбек кызы күзгү балды өткөрүүдө көп тоскоолдуктар болгонун жана даярданууга берилген аз убакыт берилсе да окуучулардын тыңдыгынан айрым номерлер жакшы аткарылгандыгын айтып өттү.
«Бизде облустук семинар болуп, көп убакыт өткөрүп ийдик. Ал эми кече тууралу айтсам, негизинен жалпы жонунан жакшы эле деңгээлде болуп жатат. Кээ бир номерлер жакшы эле даярдык менен чыгып жатат», — деди Таалайбек кызы.

Кечеде эже-агайлар дагы оюндарга катышып, окуучулардын майрамдык кечелерине күбө болушту.
Ал эми 9-класстын окуучусу Айжаркын Азатбекова бул майрамды күткөнүн, бирок өтүп жаткан кече ага жакпай калгандыгын айтты.
«Мен бул күзгү балга биринчи жолу катышып жатам. Бул кечени болот деп айтышканда башкача өтөт деп ойлогом, бирок мага анча деле жаккан жок. Бизге берилген номерлерге дагы жакшы даярдана алган жокпуз», — деп билдирди ал.

Ал эми 10-класстын окуучусу Ырыскүл Адамалиева Айжаркындан айырмаланып кече ага жаккандыгын жана мыкты деңгээлде даярданганын баса белгиледи.
«Эң мыкты деңгээлде өттүп жатат десем жаңылышпайм. Бардыгынын маанайы жакшы. Мага өзгөчө кызыктуу оюндар жагып жатат, аларга дагы активдүү катышып жатам», — дейт ал.
Мектепте мындай иш-чаралардын көп-көптөн өтүп турушун каалайбыз.
Даярдаган: Айзат Асанова
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн