Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде “Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү. Бул сынака алты кыз катышып, баш байгени Канымгүл Темиркан кызы жеӊип алды.
Аталган сынакты 11-класстын окуучулары уюштурду. Мектеп парламентинин мүчөсү Мырзагүл Райымбекова бул бир жылдык программага кирген иш-чара экенин айтат.

“Жылда мектепте 11-класстар парламент болуп шайланышат жана ошол эле убакта бир жылдык программалар кирет. Ошол программанын ичинде күз периси сынагы бар болчу. Биринчи орунду алган сулуу акчалай сыйлыкка ээ болуп, айыл аралык сулуулар сынагына жолдомо алат”, — деп билдирди Райымбекова.

Сынактын жеӊүүчүсү Канымгүл Темиркан кызы жеӊериме ишенгем дейт.

“Жакшы эле даярданганбыз. Жеӊгенге аракет кылдык. Программалар оӊой эле экен. Сынактын жүрүшүндѳ алты программа болду: биринчиси албетте саламдашуу, ыр, бий, тамашалуу клип, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарып берүү жана бир буюм жасап келип аны жактап берүү. Ар бир эле сынака катышып жаткан кыз жеӊем деген ойдо чыкса керек”, — деген оюн айтып өттү сынактын жеңүүчүсү Канымгүл.

Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн