Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Айбек Алмабековдун үй-бүлөсү эки жылдан бери райондук «Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына катышып келишет. Быйылкы жылы ийгиликтүү болуп, райондо 2-орун алышкан.
Үй-бүлөнүн апасы Завира Атантаеванын айтымында, былтыр жөн гана жигердүү катышкан болсо, быйыл 2-орунду ээлешкен.
«Былтыркы жылы мектептин дене тарбия мугалими Көчөрбаев агайдын суранычы менен барганбыз. Быйыл да барып 2-орунга жетиштик. Түптө өттү. Ал жакка жолдошум, мен жана кызым менен уулум болуп бардык», — дейт Атантаева.

Ошондой эле үй-бүлөнүн кызы Аяна Айбек кызы былтыр барганда көп шарттарын билбей орунга илинбей калганын айтат.

«Быйыл былтыркыга салыштырмалуу жеңил болду. Обруч менен ойноп жарыштык. Эки топту ээлеп, салып жарыштык. Анан эстафеталык оюндар болду», — деп айтты ал.
Даярдаган: Жибек Мелисова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн