Алтын күздүн бүтүшүнө саналуу күндөр калды. Күздө элдер жыйым-терим менен алек болуп, малдарын жайлоонон алып келишет. Быйылкы алтын күз Лейлек районунун Андарак айылынын тургундары үчүн кандай болду?
«Быйылкы күз айыл тургундарынын эсинде эмнеси менен калды?» деген суроо менен айыл тургундарына кайрылдык. Быйылкы күзгө айыл тургундарынын ар кимисинин көз карашы ар башка. Баардыгынан мурда эсте калганы — бул алманын аздыгы элдердин соодасын аксатканы болду.

Нурилла Убайдуллаев, пенсионер:

«Быйылкы күздө мен өзүмдүн түшүмдөрүмдү терип алдым. Түшүм негизи меники картошка жана алма. Картошкадан жакшы эле түшүм алдым, учурда базарга алып барып, 11-сомдон сатып атам. Алма болсо быйылкы жылы начар түшүм берди. Алмадан аз эле түшүм алдым, алманы дагы сатчумун, бирок азыр андай сатканга алма жок».
Учкун Самандаров, окуучусу:
«Мага быйылкы күз анчейин жакпады. Анткени, аба-ырайы аябай эле суук болуп жатат. Биз дагы жыл сайын алма, картошка, сабизди терип алып базарда сатчу элек. Быйылкы жылы беш эле коробка алма алдык (күлүп). Ал эми картошканы базарда сатып атабыз. Быйыл айыл боюнча алманын түшүмү аз болду. Мага быйылкы күздүн аба-ырайы, түшүмсүздүгү жакпады».
Сыймык Валламов, окуучу:
«Күз — өзү жакшы мезгил. Күз келгенде айлана-чөйрө кооздолуп, баардык жакта сапсары болгон жалбырактарды көрөсүң. Эгин талаа жыйналат, эл түшүмүн алат. Мага күз ар дайымкыдай эле жагат».
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн