Келечекте ар ким ар кайсы кесипти аркалагысы келет жана татыктуу кызмат кылсам деп саамайт. Биз бул суроо менен Лейлек районунун Андарак айылындагы окуучуларга кайрылып, алардын келечектеги пландарын билип көрдүк.
Сурамжылоону Андарак айылындагы Манас орто мектебинин окуучулары жүргүзүп көрдүк.
Данияр Эсиркээв, 11-класстын окуучусу, мектеп президенти:

«Менин көптөн берки кыялым — бул тиш доктуру болуу. Кудай буйруса, ЖРТ тесттерди ийгиликтүү тапшырып, жогорку балл алсам, КММАга өтүп ал жерден жакшы аракет кылып, тиш доктур болуп чыксам деген кыялдарым бар. Ал жерди бүтүп туруп, элге пайдам тийип, элге кызмат кылсам экен деп самайм».
Саддам Бусурманкулов, 11-класстын окуучусу:

«Менин көптөн берки саамап жүргөн кесибим — бул хирург болуу. Мен ЖРТдан жогорку балл алып калсам, сөзсүз Медакадемияга тапшырып, ал жерди ийгиликтүү бүтүп, адал иштеген хирург болом деп кыялданып жүрөм».
Сыймык Ибрагим уулу, 7-класстын окуусу:

«Кичинемден берки кыялым — бул Ата Мекенди коргоп, эли үчүн кызмат кылган чоң генерал, же болбосо солдат болобу, бул менин кыялым. Мен солдат болом деп кыялданам, чек араны кайтарганбы, же башкабы азырынча бирисин так айта албайм. Алардын кайсынысы болсо деле жакшы».
Бектемир Арзыбек уулу, 7-класстын окуучусу:

«Менин келечектеги аркалагым келген кесибим — бул курулушчу, архитектор. Архитектордун болсо шаарларга, кайсыл жерге эле болбосун, курган имараты эл үчүн кызмат кылат. Ата Мекендин өнүгүшүнө салым кошот. Ошон үчүн мен дагы курулушчу болууну саамайм».
Даярдаган: Мунара Мамадалиева
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн