Сумбулада жөлөкпул алуучулардын саны жылдан жылга азаюуда. Бул тууралуу айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Кутмат Убайдуллаев билдирди. Айтымында, жөлөкпул алуучулардын санынын азайганынын себеби элдин жашоо шарты жакшы нукка өзгөргөнү менен байланыштуу.
Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Кутмат Убайдуллаевдин билдиришинче, айыл аймагында жөлөкпул алуучулардын саны былтыр 2015-жылы 440 болсо, 2016-жылы 320 адамга чейин азайган.

«Жөлөкпул алуучулар бир жылдын ичинде 90 пайызга азайды десем болот. Алардын саны 2015-жылы 440 болсо, быйылкы жылы 320ны түздү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Жакында эле жардам иретинде 28 тоголок жетимге жана жарым жетимдерге 25 кг ун, 4 литрден ак май берилди», — дейт Убайдуллаев.

Анын кошумчалашынча, жөлөкпул алуучулардын азайышынын негизги себептеринин бири айыл тургундарынын мал чарбачылыгы менен алектенгени болуп саналат.
«Бири-бирине жардам берип, чет өлкөлөргө чейин иштеп жатканы себеп болот. Айрыкча мал сатып алып, көбөйтүп, сатып, жашоо шартын жакшыртып жатышат», — деди ал.
Сумбула айыл аймагында 15 миңден ашуун калк бар. Анын ичинен учурда 320 үй бүлө жөлөкпул алат.
Даярдаган: Мунара Мамадалиева
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн