Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 1-декабрь СПИД күнүнө карата футболдук беттеш өткөүлдү. Оюн 28-ноябрь күнү беш команданын катышуусу менен өтүп, жеңүүчүгө «Алтын команда» наамы берилди.

Аталган мелдешке Токсобаев мектебинин 7-11-класстарынан беш команда ат салышты. Мурунку мелдеште 8-класстарга 1-орунду алдырып ийген 11-класстын окуучулары бул жолкусунда жакшы оюн көрсөтүп, биринчиликти алганга жетишти.
«Алтын команда» мелдешин мектептин футбол ийримин жетектеген дене тарбия мугалими Мурат Сыдыков уюштурган. Сыдыковдун айтымында, азыркы окуучулардын көбү спорт тармагына кызыгып, мындай мелдештерге активдүү катышып жатат.
«Мен өзүм футбол ийримин жетектеп келем. Айылдагы чоң балдар волейбол ойносо, окуучулар футбол ойношот. Ошондуктан аларга мелдештерди уюштуруп берүү керек. Бул СПИДге каршы уюштурулган мелдеш жакшы өттү деп ойлойм. Буюрса ушул жуманын аягында дагы ушундай деңгээлдеги мелдешти уюштуралы деп жатабыз», — деди Сыдыков.

«Алтын команда» наамын алган 11-класстын окуучулары бул жеңишине кубанып жаткан кези. Себеби алар эки жылдан бери дайыма финалдык баскычтан биринчиликти каршылаш тарабына уттуруп жиберчү.
Мелдештин «мыкты чабуулчу» наамынын ээси 11-класстын окуучусу Темирлан Тоюнбеков бул оюндарда каршылаштын дарбазасына беш гол киргизип, командасына жеңиш алып келди. Темирландын айтымында, бул жолку мелдешке мыкты делген оюнчулар менен барганын айтат.

«Мурун көп жолу финалдан 1-орунду алдырып ийгенбиз. Себеби жакшы ойногон кээ бир балдарыбыз оюнга келбей койгон. Ал эми бул жолу жакшы ойногондорду чогултуп келип биринчиликти алдык. Бул биздин көптөн бери күтүп жүргөн жеңишибиз болду», — дейт ал.
Футбол боюнча мелдештер Токсобаев мектебинде айына эки жолудан уюштурулуп турат. Себеби бул оюндун түрүнө кызыккан окуучулар арбын. Кийинки мелдеш 5-декабрь күнү болоору айтылууда.

28-ноябрь күнү эшик суук болуп, кээ бир көрүүчү окуучулардын арасында үшүгөндүктөн мелдешти аягына чыгарбай кетип калгандары да болду.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн