Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында балдардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн беш мектеп катышты.

Алардын арасынан Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинин окуучулары алдыга озуп чыгып, жеңишке ээ болушту. Ал эми 2-орунду Даары-Суу орто мектебинин окуучулары, 3-орунду Ак-Чабуу орто мектебинин окуучулары алышты.

Оюнга Арбын мектебинен келип катышкан Эрмек Маматибраим уулу «Оюн жакшы, кызыктуу да өттү, баары калыс болду» деди.

Ал эми Арбын орто мектебинен өз айылдаштарын колдоп келген окуучу Нургүл Осмонова «Оюн жакшы, колдоочулар да көп болду, а бирок калыс болгон жок, анткени топ келип жатканда окуучулар буттарын тосуп коюп жатышты» деди.
Даары-Суу орто мектебинин дене тарбия мугалими Амирбек Мадаминов «Ушундай оюндар көп болуусу менен жаш муундардын спортко кызыгуусу пайда болот» деген оюн айтты.
Даярдаган: Садирали кызы Эльвира
Редактор: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн