Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин баталгыч классынын мугалими Динара Касымалиева окуучуларга орус тил сабагын эшикте өттү. Окуучулар орус тил сабагынан эшикке чыгышып, кар кишилерди жасап, ар кандай оюнчуктар менен кооздошту.

Динара Касымалиева «Зимние забавы» деген темада эшикке сабак өттү. Окуучулар сыртка чыгып, өз колдору менен кар киши жасап, ар кандай оюнчуктар менен кооздошту.

«Мен буга чейин класста сабак өткөндө окуучулар сүйлөм түзө албай кыйналышкан. Эми алар өз колдору менен кар кишилерди, оюнчуктарды жасап, өз ойлорун эркин билдирип бере алат деп ойлойм. Себеби, окуучулар өзү жасаганын билет «мен кардан муну жасадым, карды алып келдик, кар киши жасадык» деген сыяктуу сүйлөмдөрдү өздөрү түзүшөт», — деди Касымалиева.
Бул иш чараны көрүп келген Жанара Асанкул кызы бул идея жаккандыгын айтат.

«Мен бул иш чараны өтүп жатканына абдан кубанып жатам. Мага жакты, биз да жогорку класстар ушул кичинекей балдардан үйрөнүп, ушул сыяктуу иш чара өткөрүшүбуз керек экен», — деди иш чарага күбө болгон Жанара.

Жалпысынан иш-чарага 4-классынын окуучулары катышышты.

Ар бир класс өзгөчө идеялар менен кар кишилерди кооздоп, мектептин көркүнө көрк кошту.

Бул сабакты эшикке өткөндөн кийин окуучулар класска кирип эмнелерди жасаганын, кантип жасагыны туурасында сүйлөм түзүштү.
Даярдаган: Изльда Жыргалбекова
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн