Бишкекте 17-18-декабрда Кыргызстандын жамааттык медиа каражаттарынын жылдык жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Бул иш чара Дойче Велле жана Жамааттык медиа каражаттар ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Конференцияда 1-күнү «Фандрайзинг деген эмне?» деген темада тренинг-семинар өттү.
Аны Алмаз Тажыбай алып барды. Ал жамааттык медиаларга кантип каражат табуу жолдорун үйрөттү. Семинар абдан кызыктуу өттү.
18-декабрда ар кандай презентациялар өткөрүлдү. Айзада Калканбекова Америкага болгон иш сапары тууралуу, Гүлбарчын Мамытбекова Украинага болгон иш сапары, Султаналы Чакчагаев, Назира Жусупова, Муратбек Жумакадыров жана Гүлбарчын Мамытбекова Германияга болгон иш сапарлары тууралуу айтып беришти.
Аягында «Мыкты ЖМБ» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты. 1-орун Чинтамани, 2-орун Суусамыр, 3-орун «Тун-ук» жана Барскоон болду.
Сыйлыкты Дойче Велленин өкүлү Лидия Ранерт тапшырып, жеңүүчүлөрдү куттуктады.
Даярдаган: Чакчагаев С.