Кара-Чий айылындагы Иманалиев орто мектепте 17-октябрь күнү «Тарых жана маданият жылына» карата жана «Үркүндүн 100 жылдыгына» карата «Тарыхка так салган үркүн окуясы» деген темада иш чара болуп өттү. Бул иш чара 10-класстын окуучуларынын жана класс жетекчисинин уюштуруусунда болду.
Бул туралуу иш чаранын уюштуруучусу жана 10-класстын класс жетекчиси Айзада Намыраева буларга токтолду:

«Биз «Үркүндүн 100 жылдыгына» карата «Тарыхка так салган үркүн окуясы» деген темада койдук. Бул иш чараны колдон келишинче сахналаштырганга аракет жасадык. Жыйынтыгын айтсам бардыгы ойдогудай болду, ар бир окуучу өзүнүн тапшырмасын так аткарды десем болот.»

Жана ошондой эле бул иш чаранын катышучусу жана 10-класстын окуучусу Бурул Рахатбек кызы өз оюн айтты:

«Биз ошол учурда кыргыз эли кандай кыйынчылыктарды басып өткөнүн көрүүчүлөргө көргөзүп бере алдык деп ойлойм. Бул иш чараны кою үчүн көптөгөн окуучулардын көптөгөн аракеттери жумшалды, ар бир окуучу тарыхый буюм-тайымдарды жана киймдерди таап келишти.»

«Бул окуяны көрүп жатып мен көзүмө жаш алдым. Анткени менин көз алдыма чын эле качып бара жаткан, азап чеккен кыргыз эли болуп көрүндү. Чынында аябай образга кирип аткарып беришти. Окуучуларга терең ыраазычылык билдирем, ушинтип тарыхтагы болгон окуяны унутта калтырбай элге жеткизип туруршканына»-дейт тарых мугалими Кубанычбек Орозалиев.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков, Индира Алмазбек кызы