Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагына СССРдин убагында мамлекет тарабынан коюлган трубадан суу чыкпайт. Суу түтүгү аркылуу айыл аймагындагы эгин талаасын жана жайлоодо жашагандарды суу менен камсыздап турган.
Бул тууралуу аталган айыл аймактын Андарак жана Искра айылдарынын суу башчысы Эрнис Базарбаевден маалымат алдык. Анын айтымында, талаага суу чыкпай калышынын себеби картошка, сабиздин эгилбей калышы себеп болгон.

“Бул труба СССРдин убагында элдин кайрылуусу менен мамлекет тарабынан айылга коюлган. Сумбула айылынын жайлоолорунан жыйылып келген суулардын 40 пайызы ушул труба аркылуу талаага чыгып турчу. Труба талаага чейин 19 километрди түзөт. Талаада элдердин 30 пайызы картошка, жүгөрү эгишчү. Кийинчерээк арпа, буудай эгип калганына байланыштуу суу колдонулбай калган”, — деп билдирди суу башчы.
Искра айылынын башчысы Абдисайит Самандаров төмөнкүлөрдү айтып өттү.

«Трубадан суу жети жылдан бери чыкпайт. Талаага суу керектелбесе трубаны башка жерге жылдыруу жөнүндө сүйлөшүүлөр боло элек. Труба 2-3 жеринен жарылган, оңдолобу же оңдолбойбу ал жөнүндө сүйлөшүүлөр боло элек”, — деди Самандаров.
Айыл тургуну Адылбек Назаров төрт жылдан бери талаага буудай эгет. Анын айтымында, буудайга суу көп кетпегендиктен жамгырдын суусу жетиштүү.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн