Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймаганында тумоологондордун саны көбөйүүдө. Сасык тумоодон улам Сумбула айыл аймагындагы мектептер кайрадан жабылды.
Бул тууралуу Манас атындагы орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директорунун орун басары Асия Сулайманова билдирди.
Ал сөзүндө мектеп ачылгандан бери тумоологондордун саны эки эсеге көбөйгөнүн айтат.

“Мектеп ачылгандан бери грипп менен ооруп калгандардын саны көбөйүп кетти. Мектепте 387 окуучу болсо анын 113ү тумоологон, 8 окуучу ооруканада дарыланып жатат. Мектеп кайра беш күнгө жабылды”, — деп билдирди Сулайманова.

Грипптен улам 14-декабрь күнү кошуна айылдагы мектептин 8-классынын окуучусу каза болгон.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн