Талас облусундагы Бакай-Ата айылында «Бакай-Ата ФМ» жааматтык маалымат бюллетени басылып чыгып, тургундарга айылдын жаңылыктары дагы да жеткиликтүү болуп калды. Бул боюнча бюллетенди чыгарып жаткан Бакай-Ата FM жамааттык радиосунун жетекчиси Дамир Мамбеталиев менен маек курдук.
Бул маалымат бюллетенин чыгарууга эмне түрткү болду?
— Негизи «Бакай-Ата ФМ» жамааттык бюллетенин чыгарыш үчүн «Клооп Медиа» коомдук фондуна долбоор жазылган. Бул долбоордун алкагында чыгып жаткан жамааттык бюллетень. Аны айылдагы ички жана тышкы жаңылыктар бюллетень аркылуу да жарык көрүп турат, элге таратылып турат.

Канча убакыттан бери жарык көрөт?
— Бюллетень марттын 15инен кийин жарык көрө баштады. Бакай-Ата айылынын тургундарына абдан жакты деп айтышты, ыразычылыктарын билдиришти.

Кандай жаңылыктар чыгат?
— Бакай-Ата айылындагы жаңылыктар, пайдалуу кеңештер, жарнамалар бар. Жаңылыктарды «Бакай-Ата FM» радиосунун кабарчылары жазышат. Алар көбүнчө окуучулар болуп эсептелет.

Маалымат бюллетени Бакай-Ата айылындагы ак сакалдарга, мектеп окуучуларына, мугалимдерге жана башка жашоочуларына таратылды.
Маектешкен: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.