Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы Куштай көчөсүнө айыл депутаттары өз каражатына жарык коюп беришти. Депутаттар айылдын башка көчөлөрүн да жарыктандыруу жакынкы аралыкта ишке ашырылат деп убадалоодо.
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн депутаты Алмаз Жакеев Куштай көчөсүнө жарык коюуга 30 миң сом акча кеткенин билдирди.

«Көчөлөргө жарык коюп беребиз деп сөз бергенден кийин кылышыбыз керек. Бакай-Ата айылынын Куштай көчөсүнө 30 миң сом акча кетти. Эми дагы Бакай-Ата айылындагы жарактык коюла элек үч көчө бар, эми буйруса ал көчөлөргө дагы жарыктык коёбуз», — деди Жакеев.

Куштай көчөсүндө жашаган Алмаз Анаркулов «Мурда көчөбүздө жарык жок болчу, көчөдө ээн-эркин жүрө албачубуз. Азыркы убакта көчөдө жарыктык коюлуп, көчөлөр караңгы болбой, жакшы болуп калды» деп айтты.
Даярдган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.