Талас облусунун Бакай-Ата айылында төө буурчактын баасы көтөрүлүп, дыйкандардын мээнети акталгандай болууда. Азыр бакай аталыктар төө буурчактын килограммын 70 сомго чейин сата башташты.
Бир жыл мурда дыйкандар төө буурчактын килограммын 25-30 сомдон сатса, учурда айылда баасы 69 сомго чейин көтөрүлдү.

Бакай-Ата айылынын айрым тургундары төө бурчактын баасы 100 сомго чейин чыкса, дыйкандар алган карыздарынан кутулуп алат эле дейт.
«Албетте, азыркы баа жакшы. Мурунку төө бурчактын баасы 20 сомго түшүп кеткен, азыркы убакта төө бурчактын баасы күндөн-күнгө көтөрүлүп жатат. Бирок 100 сомго көтөрүлсө жакшы болот эле, себеби Талас облусун кризис каптады. Төө буурчактын баасы көтөрүлсө, насыялардан кутулуп, жакшы жашоо башталат эле», — деп билдирди Бакай-Атадагы дыйкан Козубек Арашаев.

Быйыл төө бурчак сезону башталганда баасы 40 сом болчу. Былтыркы баага (25-30 сом) салыштырмалуу жогору болуп жаткандыктан Бакай-Ата айылынын айрым дыйкандары буурчактын баасы түшүп кетпесин деп дүңүнөн сатып салышкан.
Дегеле дыйкандар үчүн 2013-жыл көп пайда алып келген жылдардын бири болгон. Анда төө бурчак биринчи жолу 100 сомдон сатылган болчу. Кийинки 2014-жылдан бери төө бурчактын баасы түшүп кеткен. Эки жылдан бери төө бурчактын баасы көтөрүлбөй, айыл элинин нааразычылыгын жараткан.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.