Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары мектепте салынган күнөсканада өстүрүлгөн жемиштер менен азыктана башташты. Буга чейин атайын долбоордун негизинде мектептин базасында күнөскана ачылган болчу.
Биз бул боюнча Ленин мектебинин ашпозчусу Салтанат Атабекова менен маек курдук.
Бул күнөскананын иштегенине канча убакыт болуп калды?
— Ленин орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары күнөсканадагы жер жемиштер менен азыктанып жатканына төрт айдан ашты. Күнөскана долбоор аркылуу ачылып, жалпы 1 млн 137 сом каражат кеткен.
Азыркы убакта бул мектептин күнөсканасындагы жемишитер жетип жатабы?
— Албетте, бул мектептин окуучуларынын баарына жетип жатат. Биздин окуучуларга көбүнчө күнөсканабыздагы бадыраңдарыбызды күрүчкө, шорпого кошуп беребиз жана салат катары жасап беребиз. Бадыраң менен кошо редисканы бергенбиз, бирок азыр редисканын мөөнөтү бүтүп калды.
Күнөсканада бадыраңдан башка жемиштер барбы?
— Бул мектептин күнөсканасынын ичиндеги бадыраңдан башка жемиштер бар. Алар: пияз, помидор, редиска, укроп. Бирок алар быша элек, бадыраң аларга караганда батыраак бышат, ошондуктан биз бадыраңдарды көп тигебиз.
Бул ашканага бадырандарды бир алып келгенде канча килограмм алып келет?
— 25 килограмдай бадыраң алынып келинет, ошол 25-26 килограмм бир эле күндө 460 бала жеп коёт.
Бул мектептин алмары бар экен, аларды компот кылып бересиздерби?
— Ооба, бир эле компот эмес, бул мектептин алмаларын шире сыгуучу жайга алпарып шире кылып беребиз. Балдар чайдын ордуна жалаң компот жана алманын ширелерин ичет. Ленин орто мектебиндеги күнөскананын салынганына башталгыч классынын окуучулары абдан кубанынып жатат. Анткени күнүгө мектептен пайдалуу жер жемиштерди жеп жатат. Бул пайдалуу жер жемиштерди жесе, бала күчтүү болуп акылдуу болот.
Маектешкен: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С