Талас облустук футболдук мелдеши Бакай-Ата айылында өттү. Анда жалпы төрт курама команда күч сынашты.
Бакай-Ата айылында 30-декабрда өткөн футболдук мелдешти Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Канымет Осмонбеков уюштурду.


Футболдук мелдешке Бакай-Ата айылы, Өзгөрүш айылы, Кең-Арал, Манас районундагы Покровка айылдарынан курама командалар келишкен.

Аким Канымет Осмонбеков жеңүүчүгө 10 миң сом жана кубок тапшырды. Футболдук таймаштын финалына Покровка менен Бакай-Ата чыгып, 2:1 эсебинде Покровканын командасы жеңишке жетишти.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
НМ