Жаңы жылдан тартып райондун аймагындагы ветеринардык инспекторлор атайын форма кийишет. Инспекторлордун күнүмдүк кийүучү кийимдери башкармалыктын бюджетинин негизинде сатылып алынат.
Учурда ветеринардык адистер салтанат кийимдерди өз каражаттарына алышкан.
Мындай маалыматты райондук фитосанитардык коопсуздукту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Дастан Күйкеев тастыктады.


Анын айтымында, ветадистер үчүн форма керек, анткени ветеринарларды кадимки мал доктур деп гана билишет жана малды дарылайт деген түшүнүк калыптанып калган.
«Бизде “Текшерүү kg” деген программа бар. Ошол аркылуу тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу тамактануучу жайларды, базардларды, объектилерди текшерүүгө алабыз. Ошондой эле бала бакчаларда балдар кандай эт жеп жатышат, справкасы бар-жогун текшеришет. Айылдарда жеке ветеринардык адистердин иштешинен бери көзөмөлдөйт. Текшерүүгө атайын уруксатты тиешелүү тараптар беришет», — деп билдирди Күйкеев.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчурүп басууга тыюу салынат.