Ноокат районунун Арбын айылынын Арбын орто мектебинде «Балаты 2017» сынагы болуп, ага 6-11-класстардын окуучулары катышты. Баш байгени 8-класстар алып кетишти.

Окуучулар ыр, бий, тамашоу жана башка көрүнүштөрдү аткарышты. Сынактын аягында олимпиададан 1-орунду алган окуучуларга жана мугалимдерине грамоталар тапшырылды. Ар бир класстан жакшы окуган окуучуларга мактоо баракчалары берилди.

Конкурстун жыйынтыгында 1-орунду 7-а класс, 2-орунду 8-а класс, 3-орунду 9-б класс алышты. Гран прини 8-а классы алды.

Орундарга жетишкен класстарга белектер, мактоо баракчалар берилди. Кеченин аягында ар кандай оюндар уюштурулду. Конкурстан тышкары окуучулар аяз атага өзүнүн өнөрлөрүн көргөзүштү.
Даярдаган: Элнура Нурдинали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн