Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында таза суу чыгарылганына эки жылдын жүзү болду. Айыл башчысынын айтымында, таза суу чыгарылгандан кийин айыл тургундарынын ден соолугу жакшырып калган.
Чоң-Тогузбайдагы таза суу бөлүмүндө бухгалтер болуп иштеген Зейнегүл Баякунованын айтымында, 2014-жылы таза суу казуу иштери башталып, айыл тургундары 2015-жылдан бери таза суу ичип келет.
Андан кийин эл аралык уюмдардын колдоосу менен таза суу жетпеген айылдын чет жакасындагы конуштарга суу жеткирүү үчүн түтүктөр орнотулган. Бул үчүн жалпы 594 миң сом каражаты кеткен.

«Азыркы кездеги суу түтүкчөбүздүн тегерегине курчоо керек. Бул нерсеге долбоор жазып, донорлордун колдоосу керек. Бул биринчи маселебиз. Экинчиси — бочканы бийигирээк көтөрүү керек элдерге толук суу житиш үчүн. Үчүнчү маселебиз бактерияга каршы лампа коюлушу зарыл. Бул нерсенин барын жакында ишке ашырабыз деп ойлойм», — деп билдирди Баякунова.
Баякунованын кошумчалашынча, учурда айыл тургундарынын 70 пайызы үйлөрүнө таза суу киргизип бүткөн, ал эми 30 пайызы көчөдөн ташып ичүүдө.

Чоң-Тогузбай айылынын башчысы Урмат Жортучиев суу түтүкчөсү орнотулганга чейин суу жагынан өтө оор болгон дейт. Тасма айылы менен бирдикте таза суу ичип, бирок барыбир деле толук камсыз болгон эместигин айтат. Мындан сырткары элдин көпчүлүгү ар кайсы жерлерден суу алып ичишчү: ылай суудан, кудуктардан.
«Азыр таза суу киргени элдин ден соолугу оңолду. Эң биринчиден аял кишилердин ден соолугуна жакшы болду. Учурда таза суу баарына жеткиликтүү, суу түтүкчөсү толук кандуу иштеп жатат», — деди Урмат Жортучиев.

Айылдын тургуну Мадина Эсенгелдиева «Биздин айылда таза суу чыкканга чейин аябай кыйналганбыз, каналдан алынып келинген суу болгондуктан аябагандай кир суу болчу. Аны биз тундуруп, бир нече жолу сүзүп чыпкадан өткөрүп иччүбүз. Азыр водокачканын жакшы пайдасы тийип жатат. Бирок суунун бочкасы ылдый болгондуктан мисалы биз жакка суу кичине өлчөмдө келүүдө. Ушул маселени чечип берсе жакшы болмок» деген сөзүн айтты.
Даярдаган: Айпери Темирканова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды