Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Чоң-Тогузбай

Ак калпак күнүнө карата Чоң-Тогузбай айылында 1 метрлик калпак жасалды.

Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов атындагы орто мектепте «Ак калпак» күнүнө карата бир метрлик калпак кийизден жасалып, окуучулардын көңүлүн бурду. Бул калпакты аталган мектептин химия, биология мугалими Акылбек Саяковдун сунушу менен …

Чоң-Тогузбайда көк бөрү оюну болуп өттү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Ага үч айылдын алты улакчылар тобу катышып, Ичке-Суунун командасы баш байгени алды.

Чоң-Тогузбайдын сулуусу аныкталды

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында сулуулар сынагы болуп, ага беш кыз катышты. Сынакта 9-классынын окуучусу Назми Социалова жеңишке жетти.

Чоң-Тогузбай: Ооган согушунун ардагери Эмилбек Сыдыков

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Эмилбек Сыдыков ооган согушуна 1987-жылы барган. Ал согуштан 1988-жылы июль айларында мекенине кайтып келген.

Чоң-Тогузбайда “Ызылдак” жомогу көрсөтүлдү

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов мектебинде Жумабек Осмоновдун “Ызылдак” көрсөтүүсү болуп өттү. Аны Каракол шаарындагы драма театрынын актёрлору коюп беришти.

Чоң-Тогузбайда жамааттык мультимедиа борбору ачылды

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынында жамааттык мультимедиа борбору (ЖМБ) ачылды. Борбор Тасма айылындагы «Нур FM» ЖМБнын филиалы катары иштемекчи.

Чоң-Тогузбайдын тургундары таза суу менен камсыз болгонуна эки жыл болду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында таза суу чыгарылганына эки жылдын жүзү болду. Айыл башчысынын айтымында, таза суу чыгарылгандан кийин айыл тургундарынын ден соолугу жакшырып калган.

Чоң-Тогузбайда Үркүн тасмасы коюлду

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата тасма коюлду.

Чоң-Тогузбай: Мектепке компьютер жана принтер тапшырылды

Түп районун Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов орто мектебине жаңы үлгүдөгү компьютер жана принтер айыл өкмөт тарабынан тапшырылды.

 Чоң-Тогузбайда драма коюлду 

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29-мектебинде окуучулардын күчү менен даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу драма коюлду.

Чоң-Тогузбайда акыркы коңгуро майрамы белгиленди

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде акыркы коңгуро салтанаты болуп өттү. Бул салтанатта мектеп бүтүрүчүлөрү агай- эжейлерди 11-жыл окутуп өстүргөнүнө ыразычылык билдиришти. Мектепти 10-жыл мурун бүтүргөн окучулар кайрадан …

Чоң-Тогузбай: Беш жылдан бери мал алып саткан Жанат Садыров

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Жанат Садыров беш жыл бою алып-сатар болуп иштеп, үй жайын оңдоп, чоң машина сатып алган. Жума сайын жекшемби күндөрү мал базарга барып, соода менен алектенет.

Чоң-Тогузбай айылында айдоо-себүү иштери аяктады

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын айдоо-себүү иштери аягына чыгууда. Себүү иштеринде картошканын бир канча сорттору, арпа, буудай, беде себилип, кээ бир элдер мышык чөп айдады.

Чоң-Тогузбай айылында баскетбол боюнча мелдеште Тасма курамасы биринчи болду

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын “Тогузбай ата” атындагы спорт сарайында Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата баскетбол оюну болуп өттү. Бул оюнда беш команда катышып, анда Тасма айылынын курама командасы алдыңкы орунга …

Чоң-Тогузбай айылынын сугат каналы оңдолууда

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы сугат каналы оңдолуда. Айылдыктардын айтымында, канал 1984-жылы кыш мезгилинде салынгандыктан топурак тоңуп цементти тебип кеткен.

Чоң-Тогузбайда алиппе майрамы өттү

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде алипе майрамы болуп өттү. Окучуларар кандай ырларды ырдап, бийлерди көргөздү.

Чоң-Тогузбайда таштандылар белгиленген жерге төгүлсө

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашочулары айылдын четинде жайгашкан сууга таштанды төгүүдө. Айыл башынын айтуусунда, таштанды үчүн атайын жер бөлүнгөн. Айрым жашоочулар таштанды ыргыткан жердин бар экендигинен кабарсыз экендиктерин билдиришүүдө.

Тогузбайда зап, жем тартуучу машина 23 жылдан бери элге кызмат кылууда

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында зап жана жем тартуучу машина элдин дандарын тазалап, жем кылып берүүдө. Аны Урмат Исманалиев 23 жылдан бери иштетип келет.

Шаршемби
11 Бирдин айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...