Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында зап жана жем тартуучу машина элдин дандарын тазалап, жем кылып берүүдө. Аны Урмат Исманалиев 23 жылдан бери иштетип келет.
Айыл элинин көбү ушул запка келип дандарын тазалатып, себүүгө даярдайт. Жем тартуучу машинага 1 мүшөк данды тарттыруу үчүн 20 сомдон, ал эми запка 1 тонна тазалатуу үчүн 350 сом.
Заптын ээси Урмат Исманалиев тогуз жылдан бери иштетип, буларды иштетүүдө ал көп пайда көрөөрүн, булар айыл элдерине керек экендигин айтты.
“Кудайга шүгүр азыр зап дагы, жем тарттыруучу агрегаддар иштеп жатат. Учурда жаз келгенине байланыштуу элдер жазга үрөндөрдү даярдап жатышат. Айыл элдерине ар дайым өз кызматымды кылып келем”, — деп билдирди Исманалиев.
Айыл тургуну Керез Исмагулов зап союз тараганда орнотулгандыгын, бул ишти атасы жасап баласына өткөрүп кеткендигин айтат.
“Бул драбилкени Урматтын атасы Муканбет деген киши иштетчү эле, көзү өтүп кеткенден кийин баласы улантууда. Ал киши мурда таш тегирмен орноткон ройон боюнча биздин айылда эле бар эле. Ар кайсы жерден келип жем тарттырып кетишчү”, -деди Исмагулов.
Чоң-Тогузбай айылынын дагы бир тургуну Канатбек Эрмек уулу бир убакта түшүмдү тазалап кайра ушул жерден тартырып аларын айтып өттү.
“Колго тазалаганга караганда бул жерден тазалаганга ыңгайлүү таптаза тазалайт. Убакыт дагы көп кетпейт. Ар дайым иштеп турат, акчасы дагы анча кымбат эмес”, — деп билдирди Эрмек уулу.
Даярдаган: Салават Жангабылов
Сынак үчүн