Баетов айылындагы Ажиев айылдык клубунда райондогу башталгыч класстын мугалимдеринин катышуусуунда аталган долбоорду жыйынтыктоо семинары болду.
Анда мугалимдер жыл ичинде долбоордун алкагында жасаган иштери, жетишкен ийгиликтер, долбоордун пайдалуу жактары жөнүндө пикир алмашты.
Ошондой эле семинарда кенже класстын окуучулары жасаган ар түрдүү буюмдар, макеттер көргөзмөгө коюлду.
Эскерте кетсек USAID тарабынан каржыланып келген “Бирге окуйбуз” долбоору 2014-2015-окуу жылында ишке ашкан.
Даярдаган: Таажиева Эльнура, Рахатбекова Айдай
Сынак үчүн