
Кошбулактын борбордук автоунаа жолдоруна шагыл кум аралашмасын төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул демилгени шаардык Кеңештин депутаты, «Нур» шахтасынын директору Абдыназаров Рахманберди Эрматович баштады. Өз каражаты менен иш жүргүзгөн Рахман Эрматович Сүлүктү шаардык Кеңешиндеги СДПК фракциясын жетектеп башкаларга үлгү болуп келет.
