
Кошбулактын Т. Марипов көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу үйлөрдүн алдында саркынды суулар (канализация) чогулуп адам өмүрүнө коркунучтуу абал жаралып жана экологиялык зыян алып келген кырдаал түзүлүп келген. Бул көрүнүш 90- жылдардар бери улам көбөйүп келген. Статистика: Т. Марипов көчөсүндө 4 кабаттуу 9 үй бар. Батирлердин жалпы саны: 528 түзөт.
Окуя болуп жаткан жерге барып Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов менен маектешкенибизде төмөнкүлөрдү маалымдады: «Азырынча диаметри 300 мм, жалпы узундугү 750 метр борбордук канализация түтүгүн тазалап бүттүк. Тазаланган тилкени былтыркы жылы тазалап ишке киргизген түтүккө коштурдум. Атайын автоунаа менен басым астында 3.5 тн сууну куурга куйдурганымда 3 мин ичинде толугу менен куюлуп 27 минутадан кийин 1120 метр аралыктагы септиктен чыгып кетти. Муну инженерлер «гидродинамическая испытания»— дейт. Жалпак тил менен айтканда сыноодон өттү. Эми бул иш шартка жараша башталып кетти. Кошбулакта бюджети жок, Ошого карабай эрте жаз жердин жумшактыгына таянып, жумушсуз жүргөн жаш жигиттерге кайрылдым «бекер жүргөнчө бекер иште»- деп. Эгер иштете алсак бир жолун таап эмгек акысын төлөп бермей болуп келиштик. Мен өзүм биринчи адистигим боюнча инженермин анан Авязов Марс Асымович аттуу дасыккан инженер менен кеңешип туруп техникалык чечим кабыл алдык. Жараткан Өзүм колдо деп жумушту баштадык. Биздин алдын ала божомол туура чыгып мына жыйынтыгы»- дейт Бакытбек Эркинович.

Иштин жүрүшүн кийинки макалаларыбызда чагылдырып турабыз.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров