Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынында жамааттык мультимедиа борбору (ЖМБ) ачылды. Борбор Тасма айылындагы «Нур FM» ЖМБнын филиалы катары иштемекчи.
ЖМБ Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов атындагы №29-жалпы билим берүү мектебинен орун алды. Мектептин завучу Мейиз Сулайманованын айтымында, ЖМБнын ачылышы окучуулардын аң сезиминин кеңейишине өбөлгө түзөт.


«Радионун ачылганы мектеп үчүн жакшы болду. Анткени балдар журналистика, компьютер, интервю жөнүндө кенен малыматтар ала алышат. Окучулар интернет булактары менен жаңыча иштегендиги үйрөнүүдө», — деп билдирди Сулайманова.

ЖМБнын мүчөсү Ая Кендирбайева борбордун ачылганы мектеп үчүн эле эмес, айыл үчүн да сыймык дейт ал.
Мектеп парламентинин президенти Кымбат Төлөмүшава болсо ЖМБнын жардамы менен окуучулары көп нерсени үйрөнөт деген ойдо.

«Эми биздин айылда радио бар, эми мектеп аны менен тыгыз иштешебиз деген ойдомун. Негизи балдарга ийгилик каалайм», — билдирди ал.
Даярдаган: Нуриза Муратбек кызы, Нурзада Бекенова
Редактор: Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды