Баетов айылында акуучулар арасында кылмыштуулуктун жана диний экстремизмдин алдын алуу максатында Ак-Талаа РИИБнин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мектептерде жогорку класстын окуучулары менен жолугушууларды өтүүдө.
Бөлүмдүн башчысынын орун басары Улан Кубатовдун айтымында, облустун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуучулук, кылмыштуулуктун саны өсүүдө. Ошол себептүү атайын иш мерчемдерин түзүп, анын негизинде ар бир мектеп менен иш барышууда.

Ал эми 10-бөлүмдүн ага ыкчам өкүлү Мунар Манапбаев диний экстремизм, диний агымдар жана диний уюмдар, алардын ишмердүүлүгү, зыяндуу жактары, ошондой эле интернет, социалдык желелер аркылуу азгырылып кетип, ар кандай кадамдарга барып жаткан жарандар тууралуу кеңири маалымат берди.
“Бардык нерсенин жакшы жагын үйрөнүү, алуу өзүңөрдөн. Кечкисин саат 19.00дөн кийин көчөдө максатсыз жүрбөгүлө. Машыгууга, мечитке барсаңар, чыккандан соң түз кетип жүргүлө”, – деди Манапбаев.
Айтылган маалыматка караганда, окуучулар менен мындай жолугушуу райондун аймагындагы ар бир мектепте өтүлөт.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!