Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Дени сак улут, дени сак үй-бүлөө» деген ураандын астында мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен спорттук мелдеши болуп өттү.
«Атам, апам жана мен» деп аталган спорттук мелдешине Сатыбалды Далбаев мектебинин 2-4-класстарынын окуучулары ата-энелери менен катышышты.
Мелдеште башкы орундарга 2-а классы, 3-а классы жана 4-в класстары ээ болушту. «Атам, апам жана мен» спорттук мелдештин катышуучусу Абдраимов Алтынбек «Мелдеш аябай кызыктуу болду» дейт.
Иш-чаранын соңунда ата-энелер мындай мелдештерди тез-тез уюштуруп турууну сунушташты.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн