Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылына 22-январда жеңил машина менен үч келин келип, кыргыз элинин каада-салттарын өнүктүрүп, өстүрүп жатабыз деп, бир топ колунда бар үй-бүлөөлөрдөн алдамчылык жол менен акча топтоп кетишкен.
Алар алдын ала ким жакшы жашаарын билип алып, үйлөрүнө барып, боз үйдүн сувенир-белегин беришип, бата айтымыш болуп, акча үмүттөнүшкөн.
Маалыматка караганда, митаам келиндер айылдагы алты үй-бүлөөнүн ар биринен миң-эки миң сомдон акча алышкан. Жада калса кемпирлердин берген жумурткаларын да алышкан.

Кара-Суу айылынын тургуну «митаамдар» туурасында «Ак кептердин» кабарчысына айтып берип жатат.
Айыл тургундарынын айтуусу боюнча, үч кыз-келин тең абдан жакшы кийинип алышып, жашоочулардын көңүлүн бурган.
Алдамчылар кыргыздардын меймандостугунан пайдаланып, айылдарды кыдырып, элди алдап, акча топтоп жүрүшкөнү белгилүү болду.
«Ак кептердин» атынан айылыңарга келген бөтөн кишилерден сак болгула демекчибиз, келген кишилерге айыл тургундары, айыл турмушу тууралуу байкап сүйлөгүлө.
Даярдаган: Азаркулова Элина
Мыкты макала сынагы үчүн